Биздин айылда таза суу жок, агын суунун жээги таштандыга толгон

Нарын району | 08:57, 11-апрель 2021 | Кароолор: 1 305Аткарыла элек

Нарын районундагы Кызыл-Жылдыз (Кара-Чий) айылынын жашоочулары таза суу жоктугунан Он-Арча өзөнүндөгү суудан пайдаланабыз. Бул суудан адамдар дагы, малдар да ичет.

Эсиңиздерде болсо, бул суунун көйгөйү буга чейин Солтон-Сары алтын комбинатын иштетип жатканда дагы бир көтөрүлгөн эле. Ошол учурда эң актуалдуу маселе болуп, бирок бүгүнкү күндө деле ал жакта иш жүрүп жатат. Ал маселе ошол бойдон калды.   

Бүгүнкү күндө Он-Арча суусунун жогору жагында Он-Арча айылынын таштанды таштоочу полигону жайгашыптыр. Анын үстү ачык болгондуктан памперс, целлофан, чүпөрөк-чапырак, малдын, ит-мышыктын өлүктөрүн иттер сүйрөп, шамал учуруп, ичип жаткан суубузду булгап жатат. Суунун жээгине бул полигонду уюштурууга ким уруксат берди?

Бул сүрөттө көрүнүп тургандай бодо малдын өлүгү канчадан бери жатканы белгисиз. Жүнү жыдып баштаганына караганда көп болгон деп баамдадык. Мындай өлүктөрдү ыргытып жиберүү кошуна айылыбызда адатка айланган. Башы оорубагандын Кудай менен иши жок дегендей, өздөрү таза суу ичсе болду. Биздин элдин тагдыры, ден соолугу ойлондурбаган, өзүмчүлдүк сапаттагы коңшуларыбызга жол болсун демекчибиз.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь