Чаектеги ажатканага кирсең, бут коёрго жер жок

Жумгал району | 16:54, 12-апрель 2021 | Кароолор: 0Аткарыла элек

Менин атым Осипа, Жумгалда союз маалынан бери эле жашайм. Райондун борбору Чаек айылында коомдук ажаткана жок. Маданият ошол жактан башталат эмеспи.

Борбордук базардын артында талкаланып, ичи толуп калган эски ажаткана бар. Ага киши кире албай калган. Бут коерго жер жок, ичи толгон. Анын маңдайында эски жыгач ажаткана турат. Ал үч жыл мурун толуп, кыйшайып калган. Эми берки ажаткана толуп, жыгач ажатканага каттап башташыптыр.

Сырттан келген меймандарга уят болуп бүттүк. Мейли 15-20 сом болсун, бир жакшы ажаткана куруп койгулачы. Жумгалдан жакшы эле аттуу-баштуу инсандар барсыңар. Бир көңүл буруп койсоңор.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь