Балыкчы—Бишкек унаа жолунун боюнда дайыма мал-жандыктар жайылып жүрөт

Кемин району | 17:12, 12-апрель 2021 | Кароолор: 1 135Аткарыла элек

Кемин районуна караштуу Кемин шаарына жакын жерде, Балыкчы—Бишкек унаа жолунун боюнда дайыма мал-жандыктар жайылып жүрөт. Албетте, мал-жандыктын жүрбөгөн жери жок дечи. Бирок ээлери республикалык деңгээлдеги жолдон алыс кайтарышса.

Бул жолдон унааларды катуу ылдамдык менен айдап өтүшөт. Кокус мал орто жолдон чыга калса, эмне болот? Андай кырсыктар болуп жатпайбы.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат