Таза сууну сатып ичип жатабыз

Джети-Огузский район | 14:59, 13 апреля 2021 | Просмотров: 869Не выполнено

Жети-Ѳгүз районуна караштуу Барскоон айылынын Көк-Ой жаӊы конушунда таза суу түтүктөрүн орнотуу иштери 5 айдан бери созулуп жатат. Иштер өткөн 2020-жылдын декабрь айында башталып, чилде кирип, жер тоӊ болгонуна байланыштуу убактылуу токтогон. Быйыл күн жылыгандан тарта суу түтүк орното турган казылган жолдор дагы деле ошол бойдон, эч кандай жылыш жок.

Алыс жактан сууну жаш балдар эле ташып келбесе, орто жашап калган адамдар чакалап суу алып келе албайбыз. Айла кеткенде үйдөгү челектерге тоннасын 250 сомдон куйдуруп, сууну сатып ичүүгө аргасыз болуп жатабыз.

Урматтуу айыл өкмөт, биз качан таза суу менен камсыз болобуз?

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь