Жөө адамдар өтчү көпүрө жарнама агенттигине айланды

Жалал-Абад шаары | 17:34, 13-апрель 2021 | Кароолор: 750Аткарыла элек

Калаанын Ленин көчөсүнөн кесип өтчү көпүрөнүн айланасы жарнама кагаздарына толуп кеткен. Шаарга концерт же кино көрсөтүлсө, шайлоолордогу талапкерлердин сүрөттөрү, айтор жарнаманын ар кайсы түрүн табасың.

Бирок иш-чара бүткөндөн кийин кагаздарды алып, иретке келтирген жан жок. Тиешелүү кызматтар ушундай көрүнүштү көзөмөлгө алса жакшы болмок. 

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат