Тешилген көпүрөнү кырсык болгондо оңдойсуңарбы?

Жумгал району | 22:23, 13-апрель 2021 | Кароолор: 1 086Аткарыла элек

Жумгалдын Чаек айылы менен Байзак айылынын ортосундагы «АБЗ» аймагындагы көпүрөнү качан оңдоп бересиңер? Азыр үстүнө чыксаң алдынан өткөн Жумгал суусу көрүнөт. Көпүрө кеминде 5-6 жеринен тешилип калган.

Унаалар өтө албай калышты. Эми чабандар, дыйкандар бул жерден өтүшөт, аларга убал. Темир кымбат баа болуп атканда айланасындагы темирлери тонолуп жатат.

Алманбет Жусупбеков, Чаек айылы

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь