- Баш барак /
- Нарын /
- Жумгал району
Тешилген көпүрөнү кырсык болгондо оңдойсуңарбы?
Жумгалдын Чаек айылы менен Байзак айылынын ортосундагы «АБЗ» аймагындагы көпүрөнү качан оңдоп бересиңер? Азыр үстүнө чыксаң алдынан өткөн Жумгал суусу көрүнөт. Көпүрө кеминде 5-6 жеринен тешилип калган.
Унаалар өтө албай калышты. Эми чабандар, дыйкандар бул жерден өтүшөт, аларга убал. Темир кымбат баа болуп атканда айланасындагы темирлери тонолуп жатат.
Алманбет Жусупбеков, Чаек айылы