Жер, кызмат талашкан жергиликтүү кеңештин депутаттары качан эл үчүн иштейт?

Жумгальский район | 12:15, 14 апреля 2021 | Просмотров: 1 153Не выполнено

Чаек айылынын Шортон аймагындагы Жеңиш паркынын алдында жайгашкан малдардын жайыты болгон сазды 49 жылга менчикке берүү пландалып жатканы Шортон элинин арасында нааразычылык туудуруп жатат. Былтыркы жылдары ансыз деле Жеңиш паркын учурдагы Чаек айылдык кеңештин төрагасына берилип кеткени элдин кыжырын келтирип келген.

Ал парк тарыхый мурас экени элге маалым. Эми ал аз келгенсип, чоң жайыттын бөлүгү бирөөнүн менчигине берилсе, элдин малы каякка жайылат? Шортон сазына Э.Сапарбеков, Т.Жуматаев, Р.Абдиев, Т.Турсунбаева, К.Акыев, А.Акматов көчөлөрүнүн тургундарынын малы жайылат. Ошончо элдин малын каякка жаябыз? Сиздер тараптан калкка кам көрбөй эле, 1-2 адамдын кызыкчылыгын ойлогонуңар элдин кыжырын келтирип жатат. Бийлик элде экенин эстен чыгарбайлы.

Шоргон айылынын эли, Чаек айыл өкмөтү

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь