Тоң көпүрөсү өтө кооптуу абалда турат

Тонский район | 13:42, 20 апреля 2021 | Просмотров: 808Не выполнено
Тоң көпүрөсү өтө кооптуу абалда турат. Көпүрөнүн үстүндөгү асфальт текши төшөлгөн эмес, эки жерде секиртме бар. Бардык оор жүк ташыган унаалар көпүрөнү титиретип, секиртип өтүшөт.
Көпүрөнүн астында төрт эле тирегич бар. Плиталар солкулдап, араң эле турат. Айрыкча Кумтөрдүн оор жүк ташыган унаалары өткөндө көпүрө шумдук титирейт.
Көпүрөнүн үстүнө асфальтты калыңдап төшөп, жолду түздөсө болот.
Транспорт жолдон чыгып кетпеши үчүн жол жээгинде тосмолор да жок. Мурунку жылдары эки жолу кырсык катталган. Жолдон унаа чыгып кетип, бийиктен кулап, адамдар каза болгон.
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь