«Активдүү жаран»: Ар бирин 700 сомдон алган көчөттөр куурап жок болду

Кадамжай шаары | 14:25, 21-апрель 2021 | Кароолор: 4 391Аткарыла элек

Калаанын негизги көчөсүндө, тактап айтканда Ош—Кадамжай—Исфана эл аралык маанидеги жолдун жээгинде эрте жазда ар бир түбү 700 сомго алынган сирень гүлүнүн көчөттөрү отургузулган. Арадан бир ай өтпөй жатып алар куурап жок болду.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мамлекеттин акчасын негизсиз сарптадыбы?

Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.

Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз. Кантип?

Жол-жобосу бул шилтемеде

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь