Гидростроителдик тургундар кантип жашап жатасыӊар?

Ысык-Ата району | 14:13, 21-апрель 2021 | Кароолор: 177Аткарыла элек

Ысык-Ата районунун Кеӊ-Булуӊ айыл өкмөтүнө караштуу Гидростроитель айылындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине конокко бардым. Көргөн көзүмө ишене албай, ушундай таштанды жайдын жанында кантип жашайсыӊар деп таӊ калдым.

Көп кабаттуу үйлөрдүн артындагы короонун бир бурчун таштанды жайга айландырып алышкан. Таштанды жай менен үйдүн жакындыгын ушундан улам билсеӊиз болот, ал жерден сасыган жыт кадимкидей бөлмөгө чейин кирип турду. Кеӊ-Булуӊ айыл өкмөтү ушуну карап коюӊуздар. Вирус мындай жерде бат өрчүсө керек.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь