Кышында көмүр түшүрүп сатышса, жазында көмүрдүн чаңын жутабыз

город Нарын | 15:31, 21 апреля 2021 | Просмотров: 1 245Не выполнено

Нарын шаарынын эл оозунда айтылып калгандай комфорт, тагыраагы Городок аймактарына чукул жол боюнча кышы бою көмүр түшүрүп сатышат. Эл дагы ушул жерден сатып алганга көнүп алышкан.

Бирок жаз келгенде көйгөй башталат. Кар эригенде көмүрдүн калдыгы чаң болуп, айланасындагы үйлөрдүн короолорун каптайт. Шамал болгондо көмүрдүн чаңын эле жутуп калабыз. Нарын шаардык мэриясы муну көзөмөлгө алып, башка аймакка көчүрүшсө жакшы болот эле.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором