Шаарыбыз баарыбызга, баарыбыз шаарыбызга деп коёбуз. Бирок...

Нарын шаары | 15:39, 21-апрель 2021 | Кароолор: 1 046Аткарыла элек

Нарын шаарынын тургунумун. Шаарыбыз акыркы жылдары азыраак болсо дагы жакшы жагына өзгөрүп жатканын көрүп турабыз.

Бир-эки жыл мурда эле Городокто жаштар сквери ишке кирген. Жаңы эле ачылгандан кийин Нарын деген жазууну талкалап кетишти. Эми отургучтарга ар кандай жазууларды жазганы аз келгенсип, күндөн, жамгырдан коргой турган чатырын сындырып жатышат.

Баарыбыз эле патриот болуп, шаарыбыз баарыбызга, баарыбыз шаарыбызга дегенибиз менен иш жүзүндө андай болбой жатат...

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат