Баш аламан жайгашкан базар

Ала-Букинский район | 17:02, 21 апреля 2021 | Просмотров: 857Не выполнено

Ар аптанын жума күнү Ала-Бука айыл аймагынын борборунда жайма базар уюштурулат. Ага облустун башка район-шаарларынан сатуучулар келип, соода кылып кетишет.

Бирок адамды кейиткен жагдай, аларды катар тизип, көзөмөлгө алган жан жок. Сатуучулар жөө адамдар басчу жол, унаа жолго деле чыгып алып, өз ишин жасай беришет. Аларга өчөшкөн айдоочулар да унааларын баш аламан токтотуп коюшат.

Кокус базарда өрт чыкса, өрт өчүрүүчүлөр кантип кирет? Тартипке чакырган жан жок.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь