«Активдүү жаран»: Жалал-Абаддагы базарга барсаң, бутуңа суу өтпөс өтүк кийип ал

Жалал-Абад шаары | 09:18, 23-апрель 2021 | Кароолор: 2 965Аткарыла элек

Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынын айланасында жаан жаагандан кийин адам басууга мүмкүн болбой калат. Борбордук Ленин көчөсүндөгү жолдун жээги, тактап айтканда тротуарды суу тосуп калган.

Жөө жүргөн адам суудан өтө албайт. Секирип же сууну кечип өтүүгө аргасыз.

Базардын ичине кирсең да ушул көрүнүш. Эгер базарга келсең, бутуңа суу өтпөс өтүк кийип алганың дурус.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь