Жумгалдагы ээнсиреген имаратты элге берсеңер боло

Жумгальский район | 08:19, 22 апреля 2021 | Просмотров: 1 546Не выполнено

Жумгал районундагы мурдагы ички иштер бөлүмүнүн имараты учурда ээнсиреп, кароосуз турат. Ушул жерди илгерки "Универмаг"​ ​дүкөнүнө алмашып, азыр Жумгал РИИБ көчүп кеткен. Азыр РИИБ эки кабаттуу мурдагы дүкөндө иштейт.

Бүгүнкү күндө эски имарат милициянын балансында катталып турат. ​Имаратка реконструкция деп 3,9 млн сомдук долбоор каралган. Бирок оңдобой эле, имаратты айырбаштап алмашып, көчүп кетишкен. Эми бул жер ээнсиреп турат. Ушул жерди базар кылып же соодагерлерге ижарага деле берип койсо эң сонун болмок.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь