- Баш барак /
- Ысык-Көл /
- Түп району
«Активдүү жаран»: Электр мамы чирип, кулайын деп турат. 2 жыл мурунку арыз карала элек
Жооп алынды: «Активдүү жаран»: Электр мамы чирип, кулайын деп турат. РЭТтин жообу
Түптүн Ой-Тал айылындагы ачакей электр мамынын эскилиги жетип, чирип, кулайын деп араң эле турат. Шамалда катуу чайпалат. Качан кулап кетет деп коркуп жатабыз.
Эртерээк оңдобосо, бир күнү кулайт. Бул электр мамы аркылуу менден сырткары төрт үй-бүлөгө электр жарыгы барат.
2019-жылы ноябрь айында Түптөгү РЭСке 3-4 жолу арыз жазгам. "Мына барат" деп коюп, 3 жылдан бери бирөө дагы басып келген жок.
Ой-Тал айылынын тургуну Замирбек Балпанов
- Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.
- Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз. Кантип?
Учурда окулууда
Нурсултан Назарбаев экинчи жубайы бар экенин ачыктады. Ал ким?
Окуп жаткандар: 257
2024-жылга сунушталган эс алуу күндөрү
Окуп жаткандар: 104
Сүрөт — Бишкекте таңга маал жол кырсык болду
Окуп жаткандар: 64
Кара-Балтадагы жигит досу дүкөнгө кирип кеткенде күтүүсүз окуяга кабылды
Окуп жаткандар: 61