«Активдүү жаран»: Электр мамы чирип, кулайын деп турат. 2 жыл мурунку арыз карала элек

Түп району | 11:16, 22-апрель 2021 | Кароолор: 4 141Аткарыла элек

Жооп алынды: «Активдүү жаран»: Электр мамы чирип, кулайын деп турат. РЭТтин жообу

Түптүн Ой-Тал айылындагы ачакей электр мамынын эскилиги жетип, чирип, кулайын деп араң эле турат. Шамалда катуу чайпалат. Качан кулап кетет деп коркуп жатабыз.

Эртерээк оңдобосо, бир күнү кулайт. Бул электр мамы аркылуу менден сырткары төрт үй-бүлөгө электр жарыгы барат.

2019-жылы ноябрь айында Түптөгү РЭСке 3-4 жолу арыз жазгам. "Мына барат" деп коюп, 3 жылдан бери бирөө дагы басып келген жок.

Ой-Тал айылынын тургуну  Замирбек Балпанов

  • Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.
  • Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз. Кантип?
Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь