«Активдүү жаран»: Электр мамы чирип, кулайын деп турат. РЭТтин жообу

Түп району | 19:05, 22-апрель 2021 | Кароолор: 6 333Аткарылды

Көйгөй: «Активдүү жаран»: Электр мамы чирип, кулайын деп турат. 2 жыл мурунку арыз карала элек

Түптүн Ой-Тал айылындагы ачакей электр мамынын эскилиги жетип, кулайын деп турганын жергиликтүү тургун Замирбек Балпанов «Активдүү жаран» аркылуу жарыялаган. Райондук электр тармактар ишканасы буга жооп кайтарды.

«Урматтуу Замирбек Балпанов, сиздин кайрылууңуз боюнча жооп:

2021-жылдын июль айындагы реконструкция планына киргизилген. Ой-Тал айылынын Казакстан жана Ленин көчөлөрүндөгү эски жыгач таянычтарды бетон таянычтарга алмаштыруу иштери жүргүзүлөт.

Май айында авариялык жумуштар боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, коркунуч жаратып жаткан эски таянычтар оңдолот».

  • Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу, облус жана шаардагы ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.

  • Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран ишти өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз.

  • Кантип? Жол-жобосу бул шилтемеде

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь