«Активдүү жаран»: Электр мамы чирип, кулайын деп турат. РЭТтин жообу

Тюпский район | 19:05, 22 апреля 2021 | Просмотров: 6 399Выполнено

Проблема: «Активдүү жаран»: Электр мамы чирип, кулайын деп турат. 2 жыл мурунку арыз карала элек

Түптүн Ой-Тал айылындагы ачакей электр мамынын эскилиги жетип, кулайын деп турганын жергиликтүү тургун Замирбек Балпанов «Активдүү жаран» аркылуу жарыялаган. Райондук электр тармактар ишканасы буга жооп кайтарды.

«Урматтуу Замирбек Балпанов, сиздин кайрылууңуз боюнча жооп:

2021-жылдын июль айындагы реконструкция планына киргизилген. Ой-Тал айылынын Казакстан жана Ленин көчөлөрүндөгү эски жыгач таянычтарды бетон таянычтарга алмаштыруу иштери жүргүзүлөт.

Май айында авариялык жумуштар боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, коркунуч жаратып жаткан эски таянычтар оңдолот».

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь