Түнү менен жасалган жолдо жыртык-тешиктер пайда боло баштады

Аламединский район | 12:08, 23 апреля 2021 | Просмотров: 720Не выполнено

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айылына караштуу Дачное айылына кетүүчү чоӊ жолдо жыртык-тешиктер пайда боло баштады. Жашоочулардын эсинде бар, бул жол «жомок» сыяктуу окуянын негизинде салынып калган.

Анда качкын президенттерибиздин бири өлкөнү башкарып жаткан маал. Ушул айылда ооруган балдарды калыбына келтирүүчү борбор курулуп, ишке киргенге чейин жолдун баткагы эзилип жатчу. Бир сөз менен айтканда, асфальт төшөлө элек болчу. Күндөрдүн бир күнүндө мурдагы президент балдардын борборуна иш сапар менен келип, ачылышын жасайт экен деген кабар тарады. Ошондон улам жол жасай турчу техникалар жайнап келип, күнү-түнү тыным албай жолчулар ишке киришип, асфальт жол салынып калган. Эми ошол жол четинен тешилип баштады.

Мындай «жомоктогудай» окуялар биздин өлкөдө гана болсо керек...

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь