Суу оңдолсо, бутубуз баткакка тыгылып, экинчи көйгөй жаралды

Каракол шаары | 17:58, 23-апрель 2021 | Кароолор: 1 038Аткарыла элек

Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүн суу каптап, түтүк эскирген. Анан жерди казып, түтүктү тийиштүү адистер алмаштырып берди. Анысына рахмат.

Бирок ошол казган жерди кайра көмүп койбой, таштап салышты. Азыр баткак белчеден. Ары-бери секирип өтүп жатабыз. Бир көйгөйдү чечип, экинчисин жаратып бергени кандай? Эми жолду ким калыбына келтирет?

  • Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу, облус жана шаардагы ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.

  • Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран ишти өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз.

  • Кантип? Жол-жобосу бул шилтемеде

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь