«Активдүү жаран»: Чек арага чектеш элдин таза суусу жок

Аксы району | 18:21, 23-апрель 2021 | Кароолор: 3 486Аткарыла элек

Аксы районуна караштуу Дейрес айылынын эли чек арага бек болуп жашап келебиз. Чек ара айылы деген макам берилип, социалдык абалыбыз жакшырып деле кеткен жок.

Чек арага байланышкан чырлар эми гана басылды. Биздин айылдын эли сугат сууга келген сууну ичебиз. Жер астынан чыккан суу Өзбекстандын насосу аркылуу тартылып, элге келет. Жайдын күнү суусап калабыз.

Эгиниңди сугарасың, мал-жандык ичет, биз да ичебиз. Былтыр айылга таза суу чыгаруу үчүн  долбоор башталганы айтылып, бирок каражат жок деп токтоп калды. Таза суунун түтүктөрү жарым-жартылай тартылган бойдон турат.

  • Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу, облус жана шаардагы ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.

  • Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран ишти өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз.

  • Кантип? Жол-жобосу бул шилтемеде

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь