Авариялык абалга кептелген Нүзүп бий мектеби

Аксы району | 18:17, 23-апрель 2021 | Кароолор: 1 588Аткарыла элек

Аксы районуна караштуу Дейрес айылындагы Нүзүпбий мектеби айылдагы контора катары эле курулган имарат болчу. Ошол имаратты мектепке ыңгайлаштырып эле, билим уяга айланган.

Башка мектептегидей коридору жарык эмес, бөлмөлөрү да чакан. Эптеп мектеп аты бар имарат. Үйгө окшогон ошол мектепте 300дөй бала 2 нөөмөт менен билим алып жатышат. Класстык бөлмөлөрдөгү окуучулар отурган аралык нормасынэстеген жан жок. Балдар кысылган абалда билим алганына да ыраазы.

Мектеп тарыхта орду бар, көрөгөчадам болгон Нүзүпбийдин ысымын алып жүрөт. 

  • Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу, облус жана шаардагы ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.

  • Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран ишти өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз.

  • Кантип? Жол-жобосу бул шилтемеде

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь