Мектептин жоктугу ата-энелерди, балдарды убайга салат

Сузак району | 14:47, 24-апрель 2021 | Кароолор: 1 300Аткарыла элек

Сузак районуна караштуу Доскана айылы абдан чоң айылга айланган. Калкынын саны эле бир топко барат. Калкы көп, чоң айылда дале мектеп жок. Аргасыздыктан эл балдарын Жалал-Абад шаарына караган мектептерге  алып барууда. 

Балдардын мектепке каттаган жол акысы эле ата-энелердин бир топ шайын алат. Эгерде калаадагы мектептер кокустан аймактан сырткары балдарды албай коюшса, шорубуз куруйт.

Айылда мектептин жери бар болчу. Эмнегедир ал жерге турак жайлар курулуп калды. Эми болсо мектеп курганга жер тилке жок. Ата-энелер да, балдар да кыйналып жатышат.

  • Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу, облус жана шаардагы ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.

  • Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран ишти өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз.

  • Кантип? Жол-жобосу бул шилтемеде

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь