«Активдүү жаран»: Канализация жарылып, үйдү суу каптап жатат

Каракол шаары | 14:08, 24-апрель 2021 | Кароолор: 4 483Аткарыла элек

Каракол шаарындагы Кирпич завод районунда кеч күздөн бери канализациянын түтүгү жарылып, биздин үйдү суу каптаган. Кышында суу канал ишканасы тосуп берип, жаз алды менен оңдойбуз дешкен.

Бир нече күн мурун чала казып кетишти. Канализациядан эптеп тешип, таза суу аккан чоң арыкка агызып коюшкан. Ал арыктан ылдый жактагы эл малын сугарат, айрымдар ушул жактан суу ичишет, сасык жыт чыгат.

Жылда ушул окуя кайталанат. Акыркы жолу жумушчулар 10-апрелде келип казып кетишкен, ошол бойдон жылыш жок. Казылган бойдон жатат. Кичинекей балдар качан кулап кетет деп коркобуз, тереңдиги 3 метр.

Жумушчуларда деле күнөө жок. Алардын айлык маянасы деле убагында берилбейт. Чоңдору көңүл буруп коюшса жакшы болмок. Чара көрүп берүүнү суранабыз.

  • Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу, облус жана шаардагы ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.

  • Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран ишти өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз.

  • Кантип? Жол-жобосу бул шилтемеде

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь