- Баш барак /
- Чүй /
- Сокулук району
Жол жээгиндеги чоң бетон балдар үчүн кооптуу эмеспи?

Сокулук районундагы Бишкек—Кара-Балта унаа жолунун жээгиндеги саркынды суу аккан бетон шакекчени казып чыгарып, үйүлгөн топурактын үстүнө кыйшайтып коюп коюшкан экен. Жаш балдар мындай жерге келип ойноп калышат.
Бул чоң бетон балдар үчүн кооптуу эмеспи? Кокус топурак жылып кетип, басып калбайбы?
Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу, облус жана шаардагы ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.
Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран ишти өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз.
Кантип? Жол-жобосу бул шилтемеде