- Баш барак /
- Ысык-Көл /
- Каракол шаары
Саркынды суу каналга куюлуп жатат
Каракол шаарындагы Кирпичный кичи районунун аймагында кыш айында канализация түтүгү жарылган. Андан улам суу жакынкы үйлөрдү каптап жаткан.
Суу түтүк ишканасына кайрылып, алар суу топтолуп жаткан жерди топурак менен тосуп, жаз келээри менен жасайбыз деп кеткен. 10-11-апрелде чакырдык. Жерди терең кылып казып коюшуп, ошол бойдон жок.
Азыр саркынды суу каналга куюлуп жатат. Ал суудан ылдый жактагы эл малын сугарат. Үйүндө суусу жоктор ошол суудан ичет.
Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу, облус жана шаардагы ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.
Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран ишти өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз.
Кантип? Жол-жобосу бул шилтемеде