Көчөбүзгө дөӊгөлөк, бетон казык орнотуп коргонобуз

Сокулукский район | 15:44, 26 апреля 2021 | Просмотров: 1 114Не выполнено

Биз Сокулук районунун мал базарынын жанында жашайбыз. Биздин көчө эс алуу күндөрү соодагерлер менен алармандарга толуп, малдын кыгы жыттанып калат.

"Наглый" соодагерлер сүзөнөөк букасын дарбазабыздын түбүнө чейин алып келип байлап койбосун деп, же унааларын бизди үйдөн чыккыс кылып тороп койбосун деп коргонобуз. Көчө бойлой дөӊгөлөктөрдү тизип, бетон казыктарды кагып коёбуз.

Ушуну бир жөнгө салып, мал базарды иреттеп бергиле!

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь