Ош—Бишкек жолунун жээгинде 1 аптадан бери торпоктун өлүгү жатат

Ноокен району | 16:36, 26-апрель 2021 | Кароолор: 1 117Аткарыла элек

Аталган трассанын Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагындагы тилкесинде жол жээгинде торпоктун өлүгү жатат. Аны менен эч кимдин иши жок.

Бул окуя бир апта мурун болгон. Белгисиз айдоочу жолдон өтүп бара жаткан торпокту сүзүп, өзү окуя болгон жерден качып кеткен. Ушул тапта күн катуу ысыгандыктан жагымсыз жыт чыгып, айдоочулар, жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайсыздыктар жаралып жатат. Жергиликтүү бийлик көңүл бөлүп койсо жакшы болмок.  

  • Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу, облус жана шаардагы ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.

  • Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран ишти өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз.

  • Кантип? Жол-жобосу бул шилтемеде

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь