Ылай сууну тундуруп ичкен майлуу-суулуктардын убалы кимге?

Майлуу-Суу шаары | 17:54, 26-апрель 2021 | Кароолор: 1 082Аткарыла элек

Жаз башталганда Майлуу-Суу шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдө чыккан суу ылай сууга айланат. Жаан-чачын болгондон 10 күндөн кийин араң тазаланат. Калаада турган калк таза сууга зар болуп жашап келет.

Акыркы эки жылдан бери дарыянын суусу тунбай, ылай суудан башыбыз арылбай калды. Ичүүчү сууну чакадан чакага куюп отуруп, 4-5 жолу идиш которуп тундуруп калдык. Шаар бийлигинен аракет кылып жатабыз дегенден башка жооп жок.

Жер алдынан суу тартуу планы каралганы менен адистер жер алдынан тартылчу суунуичүүгө болбойтурганын билдиришкен.  Бир гана дарыянын суусун колдонууга мажбур экенбиз. Суу топтолгон башкы түйүндү реконструкциялоо иштери болсо колго алына элек...

  • Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу, облус жана шаардагы ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.

  • Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран ишти өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз.

  • Кантип? Жол-жобосу бул шилтемеде

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь