Ноокендеги эски кампанын орду сейил бакка айланды

Ноокенский район | 13:49, 27 апреля 2021 | Просмотров: 917Не выполнено

Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл аймагында атайын сейил бак уюштурулду.  Тээ илгери айылда кампа катары колдонулуп келген жерди жашыл сейил бакка айландыруу аракети жүрүүдө.  

Жаңыдан уюшулуп жаткан сейил бакка индия, сирень, испан дарактары, арча отургузулду.Какырап жаткан жерге тигилген көчөттөрбир сонун көрк берип калды. Сейил бак үчүн бөлүнгөн 70 сотых жер жаркыраган паркка айланса, келечек муундар үчүн да сонун кадам болуп калат деп кубанып турабыз.

Парк ичинде сахна, балдар аянтына чейин маани берилиптир. Заманыбыз тынч болуп, сейил бакта аралап жүргөн күндөр насип этсин.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь