- Баш барак /
- Нарын /
- Нарын шаары
Эскертүүсү жок эки күн өчкөн жарык
Нарын шаарынын Городок чөлкөмүндө эки күндөн бери эскертүүсүз жарык өчүрүлүп, трансформаторду оңдоп жатышат.
Кечээ кечке оңдоп, кечки саат 19:00 чамасында араң күйгүзүшкөн. Ооз ачарга тамак жасоого үлгүрбөй, же ысык чайыбыз жок абдан кыйналдык. Бүгүн да өчүрүштү.
Ооба, түшүнөбүз. Бирок эч болбоду дегенде Нарын шаардык электр тармактар ишканасы социалдык тармактар аркылуу эскертүү берип койсо болот да. Эмнеге өчүрүлүп жатат, эмне болуп жатат, качан күйөт, канча күн оңдолот?... Эч ким билбейт.
Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу, облус жана шаардагы ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.
Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран ишти өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз.
Кантип? Жол-жобосу бул шилтемеде