Токтогулда элеттиктер өздөрү таза суу көйгөйүн чечип жатышат

Токтогул району | 14:31, 27-апрель 2021 | Кароолор: 847Аткарыла элек

Токтогул районуна караштуу Торкент айылынын жаштары өз күчү менен айылга таза суу тартып жатышат. Айылды аралап өткөн сайдан эл да, мал да кошулуп суу ичет. Сайдагы сууну да 3 чакырымдай алыс жерден ат, эшек менен ташып ичүүгө мажбур болушчу. 

Союз мезгилиндеги суу түтүктөрү бар. Бирок оңдолбогондуктан суу да жарытылуу чыкпайт. Мындай абалдан чыгуу үчүн айыл жаштарыдемилге көтөрүп, ар бир кожолук 10 миң сомдон каражат чогултту.  Ага желим түтүк сатып алынып, тээ айыл башындагы булактан  суу тартылып келген. Булактан айылга чейинки аралыктагы түтүктөр көмүлдү.

Азыркы тапта суу топтолуучу жайды айыл эли өзү эле казып жатат.

  • Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу, облус жана шаардагы ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.

  • Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран ишти өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз.

  • Кантип? Жол-жобосу бул шилтемеде

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь