Жалал-Абадда гүл менен газондун ордуна курулуп жаткан соода жай нааразычылык жаратты

Жалал-Абад шаары | 14:34, 27-апрель 2021 | Кароолор: 1 725Аткарыла элек

Жалал-Абад шаарынын борборундагы гүлдөр менен газонду жок кылып, үстүнө эки соода жайы курулуп жатат. Анын бири 37 чарчы метр болсо, экинчиси 22 чарчы метр. Эки жер аянты тең жеңил курулуш курууга деп эки адамга ижарага берилген.

Кызыгы, бир айлык ижара акысы болгону 1,5 миң (бир жарым) сомдон гана. Калыстык үчүн айта кетүү керек,шаардын борбордук базарындагы муниципалдык соода жайларынын 6 чарчы метрине соодагерлер 3 миң сомдон 4 миң сомго чейин ижара акы төлөшөт.

  • Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу, облус жана шаардагы ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.

  • Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран ишти өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз.

  • Кантип? Жол-жобосу бул шилтемеде

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат