- Главная /
- Жалал-Абад /
- Сузакский район
Жайытка төгүлгөн таштандыда малдын туяктары көп
Сузак районуна караштуу Сузак айыл аймагындаташтанды жай катары иштетилип жаткан жай элдин жайыт жери болчу. Эч кандай таштанды таштоого ылайыкташтырылбай эле, 2 жылдан бери таштанды төгүлүп жатат.
Андагы таштандылар Ош—Бишкек жолуна чейин келип калгандыктан, өткөн аптада Сузак айыл өкмөтү тарабынан жол тарабы тазаланган.Айтор, бир аз иреттемиш болушкан. Бирок айланасы толук тосула элек. Бул таштанды ташталган жай малдын туяктарына, баштарына толуп кеткен. Таштанды таштоонун санитардык нормалары сакталган эмес. Мал-жандыктардын туяктарынын толушу да күмөндүү, көп суроону жаратат.
Сейчас читают
Задержан подозреваемый в особо крупном мошенничестве
Читают: 485 чел.
Горожанин предположил причину пробок на Молодой Гвардии—Боконбаева
Читают: 179 чел.