Жайытка төгүлгөн таштандыда малдын туяктары көп

Сузак району | 14:39, 27-апрель 2021 | Кароолор: 1 260Аткарыла элек

Сузак районуна караштуу Сузак айыл аймагындаташтанды жай катары иштетилип жаткан жай элдин жайыт жери болчу. Эч кандай таштанды таштоого ылайыкташтырылбай эле, 2 жылдан бери таштанды төгүлүп жатат.

Андагы таштандылар Ош—Бишкек жолуна чейин келип калгандыктан, өткөн аптада Сузак айыл өкмөтү тарабынан  жол тарабы тазаланган.Айтор, бир аз  иреттемиш болушкан. Бирок айланасы толук тосула элек. Бул таштанды ташталган жай малдын туяктарына, баштарына толуп кеткен. Таштанды таштоонун санитардык нормалары сакталган эмес. Мал-жандыктардын туяктарынын толушу да күмөндүү, көп суроону жаратат.

  • Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу, облус жана шаардагы ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.

  • Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран ишти өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз.

  • Кантип? Жол-жобосу бул шилтемеде

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь