Айыл жаштары жолду оңдошту

город Базар-Коргон | 15:02, 27 апреля 2021 | Просмотров: 1 000Не выполнено

Базар-Коргон районуна караштуу Айыл айыл өкмөтүнүн Кош-Коргон айылынын  жаштары ички жолду жамашты. Тактап айтканда, 1993-жылкы жигиттери айыл ичиндеги оңдоого муктаж болгон 3 чакырымдай жолду оңдошту. Акыркы 3 жылдан бери  жол кароосуз калгандыктан тешилип, оюлуп кеткен.

Айдоочулар бир оюлган жерден качса, экинсине барып түшөт.  Райондогу жол тейлөө мекемеси же жергиликтүү бийлик быйыл деле оңдомок эмес. Айыл эли жаштардын аракетине алкыш айтып, ыраазы болууда. Эл өзүнө-өзү жардам берип, социалдык көйгөйлөрүн өзү чечип жатат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь