- Главная /
- Нарын /
- город Нарын
Шералиев көчөсүндөгү сапатсыз бүткөн суу түтүктөрүн мэрия кабыл алабы?

Нарын шаарынын дээрлик көпчүлүк бөлүгүн таза суу менен камсыз кылуучу негизги суу түтүктөрүнүн бири, тагыраагы Шералиев көчөсүндөгү суу түтүктөрү чет элдик насыянын негизинде жаңыртылган. Суу түтүктөрү сапатсыз бүткөрүлгөн. Себеби жаңы гана бүтөөрү менен ошол эле суу түтүктөрү жарылып, кышы менен суу канал ишканасынын кызматкерлери оңдоп, шаардын дээрлик көпчүлүгү таза суусуз калганын шаардыктар жакшы билет.
Бүгүнкү күндө ошол насыяга бүткөрүлгөн ишти кабыл алуу иштери жүрүп жатат деп жатышат. Сапатсыз бүткөрүлгөн ишти кантип кабыл алышат? Ал насыя кайра эле шаар тургундарынын эсебинен төлөнөт экен. Эгерде мэрия жакшы көзөмөлдөп өткөрүп албаса, эртең жоопкер болуп калат.
Сейчас читают
Как вовремя выявить рак желудка? Рекомендации врача
Читают: 34 чел.
«Как нам реформировать науку?» Мнение профессора Батыралиева
Читают: 23 чел.