Эс алуучу жай менчикке чыгып кеткенби?

Нарын шаары | 15:51, 28-апрель 2021 | Кароолор: 1 239Аткарыла элек

Нарын шаарынын сырт тарабында шаардыктар бара турчу Сейил-Булак жайы бар. Ал жер Нарын суусунун жээги, тоонун боору болгондуктан көп адам барып эс алат. Мурда ал жайга бекер кирип эс алып, тамак-ашыбызды бышырып жүрсөк, азыр ал жерге унаа токтоткондон баштап, киши башына чейин акча талап кылып калышыптыр.

Кире беришине менчик эс алуучу жай деп, бааларынан өйдө жазып коюшкан. Биз билгенден бул жер менчикке чыкпай турган жер. Кантип менчикке чыгып кеткен? Тийиштүү органдар көзөмөлгө алабы?

  • Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу, облус жана шаардагы ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.

  • Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран ишти өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз.

  • Кантип? Жол-жобосу бул шилтемеде

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь