Мектептин курулушу 5 жылдан бери бүтө элек

Сузакский район | 16:14, 28 апреля 2021 | Просмотров: 1 110Не выполнено

Сузак районунун Барпы айыл аймагындагы №3 Комсомол мектеби 100 окуучуга ылайыкташкан. Бирок мында 300гө чукул окуучу билим алууга аргасыз.

Мындан бир нече жыл мурун ӨКМ тарабынан мектеп имараты авариялык абалда деген бүтүм чыгарылып, жаңы мектептин курулушу башталган. Бирок анын да курулушу солгундады. Арадан 5 жыл өттү, бирок иш жандана элек.

Жыл сайын кар, жамгыр жааганда кыштардын сапаты кетет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь