Тоо гүлдөрүн үзбөгүлөчү...

Токтогульский район | 19:13, 28 апреля 2021 | Просмотров: 1 038Не выполнено

Учурда аймактарда кооз, ажайып тоо гүлдөрүбүз өсүп, гүл ачып, табият өзгөчө кооздукка бөлөнүп турган учур. Токтогул районундагы Алатай мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагынабарганда жоогазындар көрүнөт.

Көпчүлүк эл арасында бул гүлдү үзүп келүүнү адат кылып алышкан. Мен жаратылышты коргоп, өз жерин сүйгөн адам катары бул гүлдү үзгөн адамдардын катарына кошулгум келбейт! Бул гүлдөр өтө сейрек кездешет, көпчүлүк эле аймактарда өсө бербейт. Бул гүлдөр болгону 15 күндөй гана жашайт.

Көпчүлүк адамдар анын кийинки жылы өсүү ниетине жолтоо болуп, уу колдору менен үзүп жатышат. Токтот! Үзбө! 

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь