«Активдүү жаран»: Баетовдогу көчөдө 10 күндөн бери таза суу жок

Ак-Талаа району | 09:52, 29-апрель 2021 | Кароолор: 4 131Аткарыла элек

Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Азимжан Асаналиев көчөсү менен Кулубай көчөсүнүн кесилишинен таза суу чыкпай калганына 10 күн болду. Муну ким карайт? Суу качан чыгат?

Ай сайын суунун акчасын өз убагында чогултуп аласыздар. Сууну дагы өз убагында чыгарып турбайсыздарбы. Ансыз деле бул айылда суу сааты менен эле чыгат. Ары жактагы Молдобасан көчөсүнөн ташып келип ичип жатабыз. Деги эле Баетов айылына таза суу качан киргизилет?

  • Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу, облус жана шаардагы ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.

  • Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран ишти өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз.

  • Кантип? Жол-жобосу бул шилтемеде

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь