«Активдүү жаран»: Суу түтүктөр чирип калып, дат баскан сууну ичтик

Тюпский район | 15:30, 30 апреля 2021 | Просмотров: 4 508Не выполнено

Түп айылынын М.Элебаев көчөсүндөгү ичүүчү суунун түтүгү дээрлик эскирген. 2017-2018-жылдан бери насос жок, үйдө суу чыкпай калган. Электр жарыгы менен тартып чыгарган суу да ылай, дат баскан сууну колдонуп келдик.

Мындан улам 4 күн мурда «Суу түтүк» ишканасынан адистерин чакырып, техника менен жерди каздырдык. Калганын өзүбүз кол менен казып жатабыз. Жаӊы түтүктөрдү орнотуу өзүбүздүн каражаттан каржыланат. Андан сырткары жумушчуларга дагы 1267 сом төлөп беребиз.

Үйдө төрт адам жашайбыз, ай сайын таза сууга 100 сомдон төлөйбүз.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь