Жашоочулар таштандыларды үйүп коюуну адатка айландырды

Түп району | 16:29, 30-апрель 2021 | Кароолор: 845

Түп районунун борбору болгон Түп айылынын тургундары тазалыкты качан сактайт? Жашоочулар таштандыны үйүп коюуну адатка айландырды. Кайсы көчөдөн өтсөк да жок дегенде үч же андан ашык жерде очоктон чыккан күл, башка таштандылар үйүлүп жатканын көрүүгө болот.

Элеттиктердин бул кылганына эмне үчүн чара көрүлбөйт? Тазалыкты сактабагандарга атайын айып пул салынса, таза болот беле?

  • Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу, облус жана шаардагы ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.

  • Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран ишти өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз.

  • Кантип? Жол-жобосу бул шилтемеде

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь