«Активдүү жаран»: Базар-Коргондогу «Дүйшөндүн мектеби»

Базар-Коргон шаары | 15:10, 1-май 2021 | Кароолор: 4 332Аткарыла элек

«Дүйшөндүн мектеби» депБазар-Коргонго караштуу Кеңеш айыл аймагынын Кара-Жыгач айылындагы мектеп уясын айтууга болот. Жаан жааган сайын суу тамат. Чака, челектер, сырдын идиштеритамчы тосконго жардамга келет.

Буга чейин шыптын бир бөлүгү окуучунун башына түшүп, ооруканага кайрылган экен. Мугалимдер класстык бөлмөдөгүмешке от жагып, ошол эле учурда балдарга билим берет. Бул мектепти кимге көрсөтөбүз? Ата-энелер, мугалимдер балдарды окутуудан коркушат.

  • Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу, облус жана шаардагы ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.

  • Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран ишти өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз.

  • Кантип? Жол-жобосу бул шилтемеде

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь