«Активдүү жаран»: Уран көмүлгөн жайлар тосулган эмес

город Майлуу-Суу | 21:36, 1 мая 2021 | Просмотров: 4 844Не выполнено

Майлуу-Суу эли уранга аралашып эле жашап жатат. Согуштан кийин 22 жыл бою гидрометаллургиялык завод иштеп, уран өндүргөн. Ал 1968-жылы жабылган. Азыр ошол заводдун орду талкаланып, уран калдыктары жатат.

Жанынан өтсөң мурдуңду урандын жыты урат. Шаар аймагында ураны бар уулуу заттар көмүлгөн 23 жай бар. Баары сай жээгине жакын жайгашып калган. Жер көчкү коркунучу бар жерде да бирөө турат. Кокустан жер көчкү түшчү болсо, уран көйгөйү бир эле өлкөбүздүн эмес, Фергана өрөөнүнүн маселесине айланат.

Бул жайлар СССР убагында айланасы тосулуп, каралып турган. Эгемендиктен кийин андагы тосмолорду бүт эл бузуп кеткен. Азыр айланасында тосмолор жок.

Уран калдыктары көмүлгөн жайда мал-жандык оттобошу керек. Мал-жандык оттомок турсун, айрым эс алуучулар ошол калдык сакталган жайдын үстүндө шишкебек бышырат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь