Сузактагы бөлмөсү тар билим уясы

Сузак району | 15:49, 15-май 2021 | Кароолор: 987Аткарыла элек

Сузактын Ынтымак айылындагы №96 Мухтарбек Төрөмаматов мектебинде окуучулар үчүн класстык бөлмөлөр жетишпейт. Бул жай 1983-жылы бала бакча катары пайдаланууга берилип, мектеп муктаждыгынан улам 1993-жылы 250 орундуу мектепке айландырылган.

Андан бери жыл сайын окуучулардын саны арбып, учурда 800дөн ашык окуучу билим алат. Мектептин имараты бир нече бөлүктөн турат. Имарат кезинде бала бакчага ыңгайлашып курулгандыктан бөлмөлөрү өтө тар болуп, окуучуларга ыңгайлуу шарттар каралган эмес. Ал гана турсун класстык бөлмөлөрдүн жетишпестигинен мектептин чоң залын экиге бөлүп, окуучуларды окутушууда.

84 миллион сомго курулуучу 500 орундуу жаңы мектептин долбоору даярдалып, республикалык бюджеттин каржылоосу менен 2019-жылы курулушу башталган. Деген менен ал жылы 1,5 миллион сом бөлүнүп, ага болгону мектеп курулчу жайдын орду даярдалган. Ошол бойдон иш токтоп турат.

  • Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу, облус жана шаардагы ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.

  • Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран ишти өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз.

  • Кантип? Жол-жобосу бул шилтемеде

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь