- Баш барак /
- Жалал-Абад /
- Базар-Коргон шаары
5 балалуу жалгыз бой энени үйлүү кылган 20 жылдыктар
Базар-Коргонго караштуу 1-Май айылынын 1984-жылы туулган жигиттери жалгыз бой энени кубантышты. 20 жылдыкка барчу классташтар айылындагы жолдошу 2 жыл мурун оорудан каза болуп, 5 баласы менен кайнагасынын үйүндө жашап жүргөн келинге көмөк берүүнү туура көрүшкөн.
Жалпы 500 миң сомдун тегерегинде акча короп, заманбап шартта, жасалгасы менен турак үйдү куруп бүткөрүштү. Айыл эли алкап, баары ыраазы болуп турушат.
Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу, облус жана шаардагы ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.
Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран ишти өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз.
Кантип? Жол-жобосу бул шилтемеде