Сел арык керек деп тилибиз тешилди

город Базар-Коргон | 22:11, 29 мая 2021 | Просмотров: 887Не выполнено

Базар-Коргон районуна караштуу Могол айыл аймагынын Ооган-Талаа айылында кокту-колоттон жамгырда пайда болгон суу дайым айыл ичиндеги жолду каптайт. Катуу жаандасуу көп келип, жолдор ылайга, кызыл кумга толот. 

Кышкысын жолдон аккан суу музга айланып, кээде тоңгон муз жарылып, балдардын буту суу болуп келишет. Ар жаан жааган сайын айылдагы ички жол элди ойлондурат.

Могол айыл өкмөтүнө сел арык зарылдыгын айтып кайрыла берип, эл какшап деле бүттү. 

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь